Өткөн жылы 43 миң гектардан ашык жер пайдаланылган эмес. Бул тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«43 миң 459 гектар жер пайдаланылган эмес. Суу барбай, таш баскан жерлер иштетилбей калат» деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүн, 14-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жеңилдеттирилген кредиттер менен камсыздоо маселелери талкууланууда.