• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Министр: Дыйкандарга түшүм жыйноого арзан баада 5 миң тонна күйүүчү май бөлүндү

13 Кулжа 2022 13:43 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дыйкандарга түшүм жыйноого арзан баада 5 миң тонна күйүүчү май бөлүндү. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан брифингде айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө токтомго кол коюлуп, баалар белгиленди.

«Дыйкандар үчүн күйүүчү май учурда май куюучу жайларда сатылып жаткандан 10% арзандатылып сатылат. Балким, 1-2 сом айырма болот», — деди министр.

Ал кошумчалагандай, аталган иш Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен биргеликте жүргүзүлдү.

Количество просмотров: 126