• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жаныбеков быйыл сугат суу боюнча көйгөйлөр болбой турганын айтты

13 Кулжа 2022 13:51 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 2021-жылы болгон сугат суу боюнча көйгөйлөр бул жылы болбойт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

«Биз сугат тармагын сугаруу иштерине даярдадык. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн биринчи жолу республикалык бюджеттен алты эсе көп каражат бөлүндү. Буга чейин 600 миллион сомго жакын каражат өздөштүрүлгөн. Суунун коромжу болушун бир кыйла кыскартууга жетиштик. Андагы масштабда кургакчылык болбойт», — деди ал.

Министр ошондой эле жаз жана жайдын башында жаан-чачындуу болгондугуна байланыштуу дарыялардагы суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу жогору экенин белгиледи.

Количество просмотров: 70