• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков ким? Канча бизнеси бар?

27 Чын куран 2021 13:27 Бишкек Govori.TV

Менин айыл чарбасында гана бизнесим бар. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков маалымат жыйын учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Түптүз эле жерге талкаланган нерсени сатып алып, үй-бүлөбүз менен эң алдыңкы агрокомплекс түзгөнгө жетиштик. Ал жерде асыл тукум жылкы, кой, уй, окуу борбору, багбанчылык бар. Бир сөз менен айтканда мен жөн эле сүйлөбөй, айткан сөздөрүмдү турмушка ашырып, ошол чарбамдын базасында өлкөнүн айыл чарбасынын кичинекей түрүн түзгөнгө жетиштим. Бул менин сыймыгым. Бир дагы жерди, имаратты менчиктеген эмесмин»,-дейт Жаныбеков.

Количество просмотров: 984