• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Министр: Кыргызстан өзүн кант менен камсыз кылуу үчүн 18 миң гектар кызылча айдаш керек

27 Чын куран 2021 13:38 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан өзүн кант менен камсыз кылуу үчүн 18 миң гектар кызылча айдаш керек. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

«Кантты кайра иштетүү боюнча бизде мүмкүнчүлүк абдан чоң. Биз быйыл дыйкандар менен заводдун ортосундагы келишимди иштеп жатканда, былтыркы жылдан айырма кылдык. Анда дыйкандарга абдан жакшы шарттар түзүлдү. Биз өзүбүздү кант менен камсыз кылуу үчүн 18 миң гектар жер себишибиз керек. Ал эми быйыл 12 миң гектарга чыгабыз»,-деди ал.

Количество просмотров: 113