Акыркы күндөрү базар, соода түйүндөрүндө этке болгон баа жогорулай баштагандыгы байкалган. Азыркы тапта эттин дүң баасы 480 сомдон сатылууда. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтен билдиришкендей, “эт саткандарга карата түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Бирок, баа саясатын антимонополия агенттиги жөнгө салат» дешет.
Эттин кымбатташына байланыштуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы өз учурунда ыкчам чараларды көрүп, анын жыйынтыгында учурда базарларда этке болгон дүң баалар турукташып жаткандыгын белгилешти.