Бишкек.28.05.2019.Govori.TV.
«Мен расмий түрдө Чодуев Эркинбек байкени ачык дебатка КТРКнын эфирине чакырам! Эл өзү тандасын!». Мындай пикирин Айыл чарба министрлигине өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн жаш ишкер Тилек Токтогазиев фейсбук баракчасына жазды.
«Менин 6чы атам — Кашкар баатыр 18 жашында 1847-жылы «баатыр» наамына ээ болгон. Кыргыз жерин сактап калганга өзүнүн чоң салымын кошкон. Мен быйыл 29 жашка толом. 10 жылдан ашык бизнесте тажрыйбам бар. 2 миң сом менен ишти баштап, азыр миллиондук долбоорлорду ишке ашырып жатабыз. Эл аралык долбоорлорду дагы ишке ашырып жүрөбүз. Жашты карабай, стратегияны, программаны, тажрыйбаны бааласа жакшы болот эле.
Мен системанын кишиси эмесмин. Системаны түп тамыры менен өзгөртөм. Тилеке каршы Премьер-министр системанын кишисин колдоду. Ал киши 5 жылдан бери айыл-чарба министрлигинде министрдин орун басары болуп иштеп жүрөт. Кризиске алып келген команда. Булар жоопкерчиликти алыш керек»,-деген пикирин жазган.
Эске салсак, бүгүн Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги колдоого алынган эмес. Анын Өкмөт башчы «Кээ бирде мамлекеттик кызматта тажрыйба жок болсо, жаштыкка гана таянуунун кереги жок»,- деген пикири менен түшүндүргөн. Ал эми Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Эркинбек Чодуевди (учурда айыл чарба министринин орун басары) сунуштаган.