• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айыл чарба министрлигине жаңы техникалар берилди

18 Тогуздун айы 202411:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 18-октябрда айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата «АгроТехЭкспо-2024» агроөнөржай көргөзмөсү өтүп жатат.

Бул тармакка жалпы 68 ар түрдүү техника берилди. Анын ичинен 40 жеңил унаа, 28 оор техника өз ээлерин тапты.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров жана Министрлер Кабинетинин бир катар мүчөлөрү катышты.

Президент Садыр Жапаров айыл чарба кызматкерлерин куттуктап, жер-жерлерде техниканын жетишсиздигинен улам айыл чарба өсүмдүктөрү кымбат болуп жатканына токтолду.

Жаңы Кыргызстанды куруп жаткандыгын, Айыл чарба министрлигине да, Коргоо министрлигине берилгендей техникалар берилип жаткандыгын билдирди.

Количество просмотров: 197