• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

«Айымдар эркектерге караганда таза иштейт деп жатабыз». Марипов Транспорт министрлигине айым жетекчи сунуштады

2 Бирдин айы 202115:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-февралда ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети премьер-министрлик кызматка талапкерди, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын карап жатат.

Жыйында Өкмөттүн жаңы түзүлгөн курамы жарыяланып, такталган тизме айтылды. Ага ылайык, Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри болуп Гүлмира Абдралиева көрсөтүлгөн.

Бул тууралуу премьерликке талапкер Мариповго суроо узаткан депутат Айсулуу Мамашева Гүлмира Абдралиеванын билимине кызыгып, бул кызматты алып кете алабы деген собол салды.

Депутат бул талапкер Раззаков атындагы КТУну аяктагандыгын жана «кийим тигүү технологиясы» адистигине ээ экендигин айтты.

Ага жооп берген премьер-министрлик кызматка талапкер Марипов өкмөт мүчөлөрүн кандай принципте тандап алганын айтты.

«Биз 3 принцип менен кадрларды тандап алдык, 1 — таза иштөөсү, 2-кесипкөйлүгү жана үчүнчү тажырыйбасын карадык. Гүлмира Курманбековна санариптештирүү тармагын дагы, транспорт жана курулуш тармагы боюнча дагы бир топ тажырыйбасы бар, Транспорт минситрлигинде, өкмөттун аппаратында иштеген. Эми бул жерде кудай буцурса бир топ өзгөрүүлөр болот. Биз айымдар эркектерге караганда тазараак иштейт деп жатабыз», — деди ал.

Марипов кошумчалагандай, Коргоо министрлиги түзүлөт. Социалдык министрлиги менен Саламаттыкты сактоо министрлиги, Экономика министрлиги менен Каржы министрлиги биригет. Ошондой эле Маданият, маалымат жана спорт министрлиги, Транспорт, архитектура жана коммуникация министрлиги, Энергетика жана өнөр жай министрлиги болот. Андан тышкары Айыл чарба, мелиорация жана өнөр жай министрлиги Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүкртүрүү министрлиги болуп кайра түзүлөт.

Количество просмотров: 28