• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Айып Алакуновдун сүрөт ааламы

15 Жалган куран 201918:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.03.2019.Govori.TV.

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде белгилүү сүрөтчү, Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Айып Алакуновдун сүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөгө белгилүү өнөр адамдары,  ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары К. Иманалиев, А. Шыкмаматов жана башка саясатчылар, жалпы эле Айып Алакуновдун чыгармачылыгын баалаган күйөрмандары келишти.

Көргөзмөгө негизинен сүрөтчүнүн акыркы он жыл аралыгында калеминен жаралаган эмгектери коюлган. Алардын арасында «Маңкурт», «Манас. Кыргыздардын Алтайга сүрүлүшү», «Чигу. Үзүлгөн доор», «Кошой Коргон», «Таш-Рабат» жана башка белгилүү эмгектери коюлган.

  Айып Алакунов буга чейин Түштүк Кореяда чыгармачылыгын өркүндөтүп, Россиядагы искусство жумалыгына катышып келгендиги белгилүү.

Количество просмотров: 68