• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айзада Ишенбекова: «Кыйындан» алган билимимди башкалар менен да бөлүшөм

19 Бугу 202519:50 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында уюштуруп келген айымдардын лидерлик дараметин арттырууга багытталган тренинг бул жолу Ысык-Көлдө өттү.

Бул окутуу тренингине өлкөнүн түндүк жергесиндеги 21 лидер айым чогулду. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист жана жеке ишкерлер бар.

Алардын бири 5 баланын энеси Айзада Ишенбекова болду. Ал «Кыйындан» алган билимимди башкалар менен да бөлүшөм деген ниетин айтып, тренингден кийинки ойлору менен бөлүштү.

«Мен буга чейин өзумдү кыйын деп эсептеп жүргөм. Бул жакка келип түрдүү менторлордон билим алып, дагы да ала турчу билимим көп экенин билдим», — деди ал.

Количество просмотров: 195