• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча маселе парламентте көтөрүлдү

5 Чын куран 2022 17:21 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 2021-жылы уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу укук коргоо органдарына чара көрүү маселеси парламентте көтөрүлдү.

5-апрелдеги жыйында депутат Жанарбек Акаев Айзаданы зөөкүрлөрдүн колунан куткарууга аракет жасабаган милиция кызматкерлери ошол маалда кызматтан алынып, кийин кайра жумушка орношконун сындады.

Жыйынга катышкан ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев кызматтык териштирүү жүргөнүн билдирди:

«Кызматтык териштирүүнүн негизинде бир канча адам жумуштан бошотулуп, жазаланган. Бир жылдан кийин жаза мөөнөтү бүтсө, кайра кызматка алынган болушу мүмкүн. Мен азыр так айта албайм, эртеңкиге тактап беремин».

Бишкекте 2021-жылы 5-апрелде күндүз көчөдө бараткан жеринен уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекова өлүмүнө бир жыл толду.

Количество просмотров: 169