• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Айзаданын ѳлүмүнѳ байланыштуу Биринчи май РИИБдин кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

8 Чын куран 2021 23:28 Бишкек Govori.TV

Айзада Канатбекованын ѳлүмүнѳ байланыштуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду.

​2021-жылдын 5-7 апрели күндѳрү 1994-жылы туулган Айзада Канатбекованын уурдалып, андан кийин ѳлтүрүлүшү боюнча факты Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан текшерилди.
Анын жыйынтыгы менен Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ѳздѳрүнүн кызматтык милдеттерин так аткарышкандыктарына же болбосо аткарбагандыктырына толук, ар тараптуу жана объективдүү баа берүү максатында, аларга карата Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестирине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 321 — беренесинин 2- бѳлүмү (шалаакылык) менен ѳндүрүш иши катталды.
Тергѳѳ ишин жүргүзүү Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгына тапшырылды.

Количество просмотров: 101