«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында уюштуруп келген айымдардын лидерлик дараметин арттырууга багытталган тренинг бул жолу Ысык-Көлдө өттү.
Бул окутуу тренингине өлкөнүн түндүк жергесиндеги 21 лидер айым чогулду. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист жана жеке ишкерлер бар.
Алардын бири Айжан Мамыралиева кесиби боюнча мугалим. Ал белгилегендей, «Кыйындай» долбоорлор болбосо элдин сөзү айтылбай калат.
«Алгач эле бул тренингден мен өзүмдүн кесиптештерим менен тааныштым. Алардан көп нерсени үйрөндүм. Мындай долбоорлор болбосо элдин үнү да айтылбай калат», — деди ал.