“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Айжан Мусаева.
Айжан айым буга чейин бир топ мамлекеттк кызматтарда иштеген.
«Көп убакыттан бери мамлекеттик кызматтарда иштеп, эл менен иштөөгө убакыт тар болчу. Бүгүнкү күндө коомчулук менен иштешип, көйгөйлөрүн чечсем дейм»,-деди Айжан Мусаева.