• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Айжигитов: Президенттик башкаруунун күңгөй-тескейи бар

27 Чын куран 2022 16:31 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов президенттик башкаруунун күңгөй-тескейи бар экенин айтат.

«Президенттик башкарууга өткөнүбүзгө бир жыл болду. Эми мен жеке өзүм сезгенден бул шайлоо системасына өзгөртүү киргизгени болду. Себеби, бир эле партияга добуш бербей анын тизмесиндеги адамга добуш бергени бул таза, чынында эл колдогон адамдардын келүүсүнө жол ачты. Эми бул башталышы деп ойлом, муну менен токтобош керек, дагы да өзгөртүүлөрдү киргизүү керек.

Президенттик башкарунун жакшы да жаман да жактары бар. Жакшы жактары эмнеде? Эгер ошо кишиде конкреттүү мамлекетти күчөтө турган, элдин жашоо турмушунун сапатын көтөрө турган пландары так боло турган болсо, анда бул абдан жакшы. Себеби аны аткаруу үчүн болгон рычагдар анын колунда болуп, кыска мөөнөттө ишке ашырууга көмөк болот. Эгер жакшы программасы болбосо, шайлоо системасы начар болуп туруп бийликке начар адам келип калса анда бул катастрофа, бул эң чоң минусу. Мындайча айтканда президенттик башкарууда шайлоо сиситемасы өтө маанилүү», — деди ал.

Количество просмотров: 263