• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Айзирек Аскарбекова: Айымдардын финансылык жактан билимдүү болушуна салым кошом

24 Теке 2020 12:25 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттигинин медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында өткөн он-лайн тренингдин катышуучусу Айзирек Аскарбекова айымдар финансылык жактан билимдүү болушу керек деп эсептейт.

Аскарбекова Ош облусунан келген жарандык активисти, кесиби экономист, бухгалтер.

24 жаштагы Айзирек Аскарбекова айымдардын экономикалык жаатта билимдүү болуусун каалагандыктан өзү да экономика жаатында билим алганын айтып, келечекте айымдардын финансылык жактан билимдүү болуусуна салымын кошо турганын белгиледи.

Эске салсак, 18-19-июль күндөрү “GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында он-лайн тренинг өткөрөт. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарындан 22 адам катталды.

Катышуучулардын арасында айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат.

Он-лайн тренингде маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, маалымат берүү техникасы, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ маалымат берилген

Количество просмотров: 72