• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Айзиректин өлүмү. Сот күйөөсүн 18 жылга эркинен ажыратты

31 Теке 202517:45 Бишкек Govori.TV

Өзгөн райондук соту Айзирек Эралиеванын өлтүрүлүшүнө байланыштуу ишти карап, өкүм чыгарды. Ага ылайык, маркумдун күйөөсү 18 жылга эркинен ажыратылды.

Бул окуяга байланыштуу «адам өлтүрүү», куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Быйыл 26-майда Өзгөндө бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесинен кийин ага барган 38 жаштагы Айзирек аттуу келин өлтүрүлгөн. Аны атууга шек саналып 40 жаштагы күйөөсү, Кара-Кулжа районунун тургуну камакка алынган.

Количество просмотров: 387