Ошто бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесине баргандан кийин күйөөсү атып өлтүргөн Айзирек аттуу келин тууралуу талаштуу пост жазган блогер Айбек Уланов камалды. Бул тууралуу адвокат Шердор Абдыкапаров социалдык тармакта билдирди.
Улановго кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси, улуттар аралык, диний кастыкты козутуу боюнча кылмыш иши козголгону айтылды.
Буга чейин адвокат Шердор Абдыкапаров блогер Улановду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча петиция жарыялаган, аны бир канча миңдеген адамдар колдогон.
Эске салсак, Айбек Уланов соцтармакта Айзиректи мазактаган пост жазган. Талкуулардан соң ал милицияга жеткирилип, кечирим сураган. Бирок коомчулук кечирим суроо менен кутулуп кетпеши керектигин айтып келишкен.