Борбордук шайлоо комиссиясы “Эмгекке” чара көрбөсө, “Ак-Бата” депутаттык мандаттан баш тартат. Бул тууралуу партия лидери Нариман Түлеев билдирди.
Түлеевдин айтымында, «Ак-Бата» жаңы шайлоо өткөрүүнү, ага “Эмгек” партиясын катыштырбоону талап кылууда.
“Бир айдын ичинде “Эмгек” партиясы эмне гана кылган жок. Болгон үй комитеттерин, квартал башчыларын сатып алыптыр. Бир да башка партияларды жолоткон жок. Бардык жергиликтүү бийлик, акимдер иштеди. Бул ишке Борбордук шайлоо комиссиясы, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы көзүн жумса, милиция көңүл бурбаса эмне кылыш керек? Бир гана ушул жол калды. Ушинтип Салымбековдорду токтотуш керек болуп жатпайбы”, — деди Түлеев.
“Ак-Бата” партиясы тараткан билдирүүдө 11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо одоно мыйзам бузуулар, добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу менен өткөнү айтылат.
Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоодо “Ак-Бата” партиясы экинчи орунду алган.