• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Ак-Батадагы 198 окуучуга ылайыкталган мектепте 1000ден ашуун окуучу билим алууда

5 Аяк оона 2022 17:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясы президенттин тапшырмасы менен жаңы 5 мектеп салып, 2 мектепти оңдоду. Калган 8 мектептин жанына кошумча имараттарды курду. Алардын бири сиздер көрүп турган Ак-Бата конушундагы номер 43-толук эмес орто мектебинин жанына кошумча имарат салынып, анда мугалимдер отуруучу бөлмөлөр, спорттук зал жана китепкана орун алган.

Ал эми аталган билим уясынын мурунку имараты болгону 198 окуучуга гана ылайыкталганына карабастан, учурда 1000ден ашуун бала 4 кезек менен билим алууда.

Мындай жагдайдан борбордун мэринин кабары бар. А бирок, маселени чечүүдө жер табылбай жатканын айткан шаардын жетекчиси жаңы окуу имараты качан курууларын так айткан жок.
Ал эми Бишкек шаарындагы номер 10мектепте оңдоп түзөө иштери жүргүзүлүп, авариялык абалда турган 300дөн ашуун окуучуга ылайыкталган бөлүгү ишке берилди. Бул көрүнүш деле мектептеги класстардын жетишсиздигин чечкен жок. Анткени бир класста 40ка жакын окуучу билим алууда.

Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык быйылкы окуу жылына карата мектептердин жетишсиздиги 15 пайызга чейин кыскарды. Жакынкы аралыкта мындай маселе борбордо болбош керектигин билдирди калаа башчысы.

Борбордогу билим булактарынын жабдыктары жаңырып, талапка ылайыктуу каражаттар менен толукталганы жакшы көрүнүш. А бирок, жогоруда айтылган жалпы 15 мектепти кошкондо деле борбордогу билим уяларынын жетишсиздиги кескин кыскарганы байкалбайт. Бул көйгөйдүн качан чечилээри дагы азырынча белгисиз бойдон калууда. Андыктан борбордо акыбал ушундай болуп жатса, сапаттуу билим берүү тууралуу кеп кылуу азырынча эрте болуп тургансыйт…

Количество просмотров: 476