• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Бишкекте окуучу кыз мектептин экинчи кабатынан боюн таштады

15 Аяк оона 2022 11:41 Бишкек Govori.TV

Бишкекте №9 мектептин окуучусу экинчи кабатынан боюн таштап, аман калды. Бирок, денесинен жаракат алды. Мындай кадамга апасы менен пикир келишпестиктен улам барганы кабарланды.
Окуучу кызга тез арада медициналык жардам көрсөтүлгөн.


«Кыздын жамбашы жана согончок сөөгү сынган. Ал Шаардык балдардын клиникалык тез жардам ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылды. Бейтап учурда дарыланып жатат, адистердин көзөмөлүндө», — деп айтылат маалыматта.


Окуя боюнча учурда тергөө иштери башталганын милициядан кабарлашты.
Буга чейин окуучу кыздын жанынан электрондук тамеки табылып, ал коркконунан мындай кадамга барган болушу мүмкүн экени айтылган.

Количество просмотров: 15971