• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Ак-Буура каналына 7 жаштагы бала чөгүп кетти

20 Бугу 202118:01 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда 7 жаштагы бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-майда ӨКМнын куткаруу кызматына Төлөйкөн кичи районундагы Ак-Буура каналына 2014-жылы туулган бала сууга түшүп кеткени тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Жерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 79