Ак-Буура дарыясында курулушка уруксат берүүчү архитектуралык документтери жок он көпүрө жана соода түйүндөрү салынганын Ош шаарынын прокуратурасы маалымдады. Алар Кара-Суу жана базар көчөлөрүнө салынган.
Учурда факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Ош шаарынын архитектуралык-курулушту контролдоо боюнча шаардык башкармалыгы, Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы, Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы, Ош бассейндик суу чарба башкармалыгынын жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, милдеттерин так аткарган эмес деп эсептейт көзөмөл органы.
У