• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ак-Бууранын жээгин талашууда эки киши сабалды

23 Бугу 2018 10:25 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23. 05. 2018. Govori.TV
Оштогу ​Ак-Буура дарыясынын жээгин тосуп жаткандар менен ага каршы тараптардын ортосундагы чырда эки активист сабалды. Бул тууралуу Оштун тургундары социалдык түйүндөргө чыгарышты.
Анда белгилүү болгондой, шаардын Курманжан датка («Юго-Восток») кичи районундагы дарыянын боюндагы ээн жерди ошол аймактын жашоочулары зым менен тосуп жатканда чыр башталган. Аларга каршы жайкы аптапта дарыянын жээгине келип эс алуучу шаардык тургундар чыгышып, бул шаардыктарга тиешелүү жер экенин, тосуп, менчиктөөгө мүмкүн эместигин айтышканда жерге ээлик кылып жаткандар аларды сабап салган.

Ош мэриясы азырынча бул дарыя жээги кимге караштуу экендиги тууралуу комментарий бере элек.
Количество просмотров: 17