Таласта жарадар болуп, Бишкекке алып келинген ак илбирске операция жасалды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бактыбек Рысалиев билдирди.
«Операция Кыргыз Мамлекеттик Агрардык университетинин ветеринардык клиникасында жасалды. Илбирстин өмүрүнө коркунуч туудурган 18 бытыраны алып чыгышты. Кийин калганын алышат. Азыркы абалы оор, бирок туруктуу»,-деди Рысалиев.
Эске салсак, 9-январда Талас облусундагы Көк-Ой айылында жергиликтүү тургундар тарабынан жарадар болгон ак илбирсти бактан түшүрүүгө аракеттер көрүлүп жаткандыгы тууралуу видео тараган. Илбирс Бишкекке алынып келинип, ага ок тийгени белгилүү болгон.