Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын иш орундары жайгашкан имарат дезинфекцияланды.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өз кызматында иштегендердин баары жана Жогорку Кеңештин депутаттары коронавирус илдетине анализ тапшырышкан. Дээрлик баарынын алдын ала жыйынтыктары таза чыккан.
22-июндан тартып аппарат кызматкерлери коопсуздук максатында аралыктан иштөөгө өтүшөт. Депутаттар санитардык талаптарды бекем сактоо менен ишин улантышат.
Эске салсак, буга чейин депутат Бейшеналы Нурдиновдон менен басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунан коронавирус аныкталган.