• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мадумаров: Жаңы Ак үй салуу ойлонулбаган кадам

20 Чын куран 2022 15:08 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров жаңы Ак үй салуу сунушу ойлонулбаган кадам болуп калганын айтат.

Ал билдиргендей, азыр жаңы Ак үй салууга муктаждык деле жок болчу.

«Мен Ысык-Көл конок үйүн талкалап баштаганда билдирүү жасагам, Бишкектеги бир дагы интеллигент ошого үн кошкон жок. Кудайга шүгүр Архитекторлор кошууну кайрылуу жасап чыкты. Ал имарат өтө бекем, жүздөгөн жылдар бою тура турган имарат, ал биздин көркөм-тарыхый тизмеге кирген курулуш. Бирок ага эч ким кулак салган жок. Таш-талканын чыгарышты, үстүнө тракторлорду чыгарып алып, «бул бузулуп калчу имарат экен» деп үстүндө трактор менен жүрүштү көрдүңөр… Бузулбайт ал, өтө бекем. Анан Американы караңыздарчы, 200 жылдан ашты, бир кичинекей Ак үй. Керек болсо Трамп өзүнүн акчасына эле жаңы Ак үй куруп алат эле. Жоок, аларга ыйык, мамлекеттик белгилер ыйык. 200 жыл башта канча бөлмөсү менен турса азыр да ошол бойдон турат. Бул өзүн-өзүн сыйлаган мамлекеттин жасаган иши. Бул үй жетпей жатабы, эски өкмөт үйү жетишпей жатабы? Союз мезгилинде Борбордук комитети, өкмөт олтурган, баарына жеткен азыр бир президентке жетпей калдыбы?», — деди Мадумаров.

Депутат ошондой эле чек арадагы көйгөйлөр менен бирге эле өлкөдө бала бакча, мектептердин жетишсиздиги, жолдордун начар абалы сыңары бир топ маселелер бар экенин айтты.

Эске салсак, мамлекет башчы Садыр Жапаров президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна капсула салган. 21 миң чарчы метр аянтты ээлеген жаңы Ак үйдүн чыгымын инвесторлор көтөрөт, бул үчүн аларга Бишкектен 16 гектар жер бериле турганы белгилүү болду. Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары өлкөдө экономикалык кыйын кырдаалда президенттин жаңы администрациясы курулуп жатканын сындап жатышат.

Количество просмотров: 1299