• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ак үйдүн алдынан кармалган Бабаева бошотулдубу? Милициянын жообу

28 Үчтүн айы 202211:38 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагасынын орун басары Рыскүл Бабаева Э.С. аттуу жарандын арызынын негизинде Аламүдүн РИИБнин тергөө кызматына жеткирилген. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кармалган Бабаева тергөө иш-чараларынан кийин бошотулган.

«Учурда иштин материалдарынын негизинде бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Бабаеваны күч органдары Ак үйдүн алдынан кармап кетишкендиги тууралуу видео федерациясынын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган болчу.

Количество просмотров: 1062