Бишкектеги Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагасынын орун басары Рыскүл Бабаеваны күч органдары Ак үйдүн алдынан кармап кетишти. Бул тууралуу видео Профсоюздар федерациясынын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 28-январь күнү саат эртең мененки сегиздер чамасында болгон.
«Бүгүн эртең менен саат 8:00дө Профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары Рыскүл Бабаеваны белгисиз адамдар күч менен унаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен. Кийинчерээк алар Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери экени белгилүү болду. Саат 9.00гө карата күбө катары суракка чакырылган, Бабаева өз каалоосу менен баруудан баш тарткан эмес. Аны кармоо учурунда башынан жаракат алды. Азыр Бабаева Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө»,-деп жазылат маалыматта.
Ал эми Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы толук маалымат кийин берилерин кошумчалады.