• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ак үйдүн тосмосунун бир бөлүгү алынбайт

6 Жетинин айы 202012:57 Бишкек Govori.TV

Ак үйдүн имаратын курчап турган темир тосмолордун бир бөлүгү алынбайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов билдирди.

«Түштүк-чыгыш тараптагы эки тосмо калат. анда 2010-жылы апрель окуяларында каза болгондордун тизмеси жазылган такта илинип турат. Андыктан алар тарых үчүн ушул жерде калтырылат», — деди Мамытов.

Белгилей кетсек, бүгүн, 6-ноябрда, Жогорку Кеңештин имаратын курчап турган темир тосмолор алынды.

Количество просмотров: 281