• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ак үйгө эшиктерди жогорку баада сатып алууга байланыштуу түшүндүрмө

26 Бештин айы 2020 10:27 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш эшиктерди жогорку баада сатып алууга байланыштуу түшүндүрмө берди.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши каалгаларды жогорулатылган баада сатып алып жатат деген маалымат жарыяланган.

Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы парламенттин имаратына каалгаларды сатып алууга жана аларды орнотууга бюджеттен акча каражаты каралбаганын билдирет. Баардык сатып алуулар менен аларды орнотуу жумуштары депутаттар тарабынан чогултулган жеке каражаттардын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Эшиктердин үлгүсү менен баасы парламентчилердин өздөрү тарабынан жактырылган.

Теги:
Количество просмотров: 442