• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ак канга чалдыккан кичинекей Айлин чарчап калды

30 Жалган куран 2021 12:56 Бишкек Govori.TV

Ак канга чалдыккан кичинекей кыргызстандык кыз Айлин кечээ, 29-мартта, операциядан кийин чарчап калды. Бул тууралуу Айлиндин атасы соцтармактагы баракчасына жазды.

«Дарыгерлер болгон аракетин кылып, акырына чейин күрөштү. Тилекке каршы биздин кызыбызды сактап калуу мүмкүн болгон жок. Анын жүрөгү кечээ токтоп калды», — деп жазган атасы.

Айлиндин жүлүнүнө биринчи жолу 10-ноябрда операция жасалып, ага апасы Индира Сапанова донор болуп берген. Бирок кийин текшерүүдөн өткөндө оору кызга кайра кайтып келгендиги билинген. Башкача айтканда, жаңы жүлүндө жетиле элек клеткалар пайда болгону аныкталган.

Ошол себептен наристеге экинчи жолу операция жасоо пландалып, бул ирет атасы Талант Сатыбалдиев донор болгон.

Буга чейин кыздын энеси кайрадан жасала турган операцияга 50 миң доллар керек болуп жатканын айтып, каражат топтоо үчүн эсеп ачкан эле.

Количество просмотров: 392