Түркиянын Стамбул шаарынан учуп келген кыргызстандык жаран Бишкектеги «Ак кеме» мейманканасында уюштурулган обсервациядагы шартты көрсөттү. Видеону Республикалык ыкчам штаб жарыялады.
«3 маал тамак берилди. Жылуу суу боюнча көйгөй болду, бирок жалпысынан жаман эмес», — деп билдирди жаран.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстанга 15-майда Стамбул—Бишкек каттамы менен 330 жаран учуп келген.