Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Ак-Ордо конушунда турак үйдөн чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын пресс-борбору маалымдайт.
Тилекке каршы кырсыктын кесепетинен 58 жаштагы бир эркек адам каза болду.
Тилсиз жоонун айынан турак үйдүн болжол менен жалпы аянты 100 чарчы метрди түзгөн чатыры жана ичи күйүп кетти.
Белгилей кетсек, өрттү өчүрүүгө саат 14:45тен тартып Ленин райондук №6 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп өрттү өчүрүү иштерин жүргүзүштү.