• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Ак-Ордо» конушунун кире беришине белги орнотулат

3 Жетинин айы 2020 10:17 Бишкек Govori.TV

Ак-Ордо конушунун кире беришинде кирүү белгиси орнотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, долбоордун эскизи даярдалды, аны «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын тапшырыгы менен «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери иштеп чыкты.

«Долбоорго ылайык, бийиктиги дээрлик 7,5 метр болгон кире бериш белгиси көлөмдүү тамгалар түрүндө түнкү жарык менен жасалып, Гагарин жана Жакшылык көчөлөрүнүн кесилишине орнотулат (түштүк-батыш бурчу). Жасалгалоо материалдар катары бышык материалдарды колдонуу сунуш кылынат», — деп айтылат маалыматта.

Айланасын кооздолгон таман таштардан чакан жол түзүп, МАФ орнотуп, жашылдандыруу, көрктөндүрүү сунушталууда.

Количество просмотров: 154