• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ак-Ордодо велосипедчен кызды коюп кеткен жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды

1 Теке 202515:53 Бишкек Govori.TV

Ак-Ордо конушунда “КамАЗ” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жөө өтмөктө велосипед тээп бараткан кызды коюп кетип, ал ошол жерде каза болгон.

Бишкек шаардык милициясы, окуя 28-июнда кечки саат 20:20 чамасында Чубак ажы – Заирбек баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 2017-жылы туулган Ч.А. аттуу кыз ошол жерде каза болгон.

Бул фактыны Бишкек шаардык милициясы каттоого алып, тергөө иштери башталган. Анын жыйынтыгы менен 1984-жылы туулган Н.М. аттуу айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 206