• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ак-Өргөдө көп кабат үйдүн курулушунда өрт чыкты

20 Теке 202016:23 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Ак-Өргө жаңы конушунда жайгашкан көп кабат үйдүн курулушунда өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт чыккандыгы тууралуу маалымат саат 13:53тө келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы үч бөлүм тартылган.

«Өрт саат 15:43тө чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүүгө болгон аракет жасалып жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Адамдар арасында жабыркагандар бар-жогу айтыла элек.

Буга чейин жаңы курулуп жаткан кабат үйдүн чатырынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат социалдык түйүндөрдө тараган болчу.

https://www.instagram.com/p/CC21QPWDnj5/?utm_source=ig_embed&utm_campaign=embed_video_watch_again
Теги:
Количество просмотров: 182