• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ак-Сайда дайынсыз болгон үчүнчү жарандын сөөгү табылды

18 Тогуздун айы 202415:28 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ак-Сайда көчкүдөн улам дайынсыз болгон жарандарды издөө иштерин улантууда.

Издөө иштеринин натыйжасында дайынсыз деп табылган 6 жарандын ичинен үчөөнүн сөөгү табылып, тик учак аркылуу Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилди.

Калган 3 жарандын издөө иштери дагы эле уланууда.

Куткаруу иштерине ӨКМдин тик учагы, куткаруучулар жана атайын техникалар тартылган.

Жергиликтүү тургундарга жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө зарыл колдоо көрсөтүлүп, издөө-куткаруу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 228