• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ак-Сайда дайынсыз болуп жаткан алты адамдын бирөөсүнүн сөөгү табылды

18 Тогуздун айы 202413:16 Бишкек Govori.TV

Ак-Сайда дайынсыз болуп жаткан алты адамдын биринин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, куткаруучулардын издөө иштеринин натыйжасында саат 12:45ке карата: көчкү түшкөн аймактан 1978-ж.т. К.К. аттуу жарандын сөөгү табылып, тик учак менен штабка (Кумбел тилкеси) алынып келинди.

Учурда издөө иштери улантылууда.

9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жаран, жалпы 14 адам, Эндик өсүмдүгүнүн тамырын издөөгө тоого кеткенден кийин дайынсыз болуп жатышкан. 16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында 8 жаран аман-эсен табылган, ал эми калган 6 кишинин кар көчкү алдында калышы мүмкүн деген маалымат берилген.

Количество просмотров: 543