Чаткал районунун Ак-Сай жайлоосунда дайынсыз жоголгон 6 жаранды издөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы бүгүн саат 07:30да Ош шаарынан учуп чыкты.
9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жаран, жалпы 14 адам, Эндик өсүмдүгүнүн тамырын издөөгө тоого кеткенден кийин дайынсыз болуп жатышкан.
16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында 8 жаран аман-эсен табылган, ал эми калган 6 кишинин кар көчкү алдында калышы мүмкүн деген маалымат берилген.