• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Ак-Сайдын тургундары Дайырбек Орунбековду кызматтан алууну суранды

28 Теке 2023 17:30 Бишкек Govori.TV

Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековду кызматтан алууну суранды. Бул тууралуу Гүлгакы Мамасалиева Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган катта айтылат.

“24-июлда сиздин басма сөз катчыңыз Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасынан такталбаган маалымат чыгарып, биздин Ак-Сай айылынын Жеңиш Дубанаев аттуу тургунубузду күнөөлүү кылып, аны «мас абалында болгон» деп жазып чыкты. Бул маалымат Кыргызстан эле эмес, тажик элине да тарап, алар өз каналдарында “мына Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы тастыктады, демек, бул туура, кыргыз тарап дайыма биринчи баштайт” деп күнөөлөшүүдө”, — деп айтылган катка 20дан ашык адам кол койгон.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 24-июлда кечке жуук кыргыз-тажик чектеш аймактарынын тургундарынын ортосунда чыр-чатак чыкканын кабарлаган. Дайырбек Орунбеков чыр кантип тутанганы тууралуу маалымат берип, Фейсбуктагы баракчасына жаңжалда үч кыргыз жараны сабалганын, анын алдында мас абалындагы бир кыргыз жараны тажикстандык тургундун машинасынын айнектерин талкалап салганын жазган. Бирок Фейсбуктагы бул билдирүүсүн көп өтпөй алып салган жана анын себебин түшүндүрө элек. 

Количество просмотров: 244