• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ак-Сай жана Ворух айылдарынын чектешкен жерлерине пост коюлду

18 Бугу 202110:28 Бишкек Govori.TV

Ак-Сай жана Ворух айылдарынын чектешкен жерлерине пост коюлду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Кечээ, 17-майда Ак-Сай (Кыргызстан) жана Ворух (Тажикстан) айылдарынын чек арасында эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу өттү. Жолугушууда эки облустун жетекчилери ортосунда жетишилген келишимдин ишке ашышы талкууланды.

“18-майда Ак-Сай жана Ворух айылдарынын чектешкен жерлерине эки тараптан тең посттор коюлду. Саат 07:25тен тарта Ходжаи-Аъло – Ворух жана Ак-Сай – Тамдык жолунда унаалар жүрө баштады”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 131