• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

«Ак-Сарай» соода борбору күйүп кетти

26 Бирдин айы 20249:07 Бишкек Govori.TV

Лейлек районуна караштуу Кулунду айылында жайгашкан 3 кабаттуу «Ак-Сарай» соода борбору күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат болжол менен 21:00д түшүп, аны өчүрүүгө саат 21:10дон тарта жалпы 5 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо саат 22:40да чектөөгө алынып, түнкү саат 12:10дө толук өчүрүлдү.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 400 чарчы метрди түзгөн. Жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 1032