• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Еревандагы соода борбордо болгон жарылууда ондогон адам жараат алды

15 Баш оона 2022 12:09 Бишкек Govori.TV

Армениянын баш калаасы Ереван шаарындагы «Сурмалу» соода борборунда болгон жарылууда бир киши өлүп, дагы 51 адам жараат алды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун армян кызматы кабарлады.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, соода борбордогу катуу жарылуудан кийин өрт чыккан. Мекеме урандылардын алдында дагы адамдар болушу мүмкүн экенин билдирди.

Азырынча жарылуунун себептери белгисиз. Айрым социалдык түйүн колдонуучулары имаратта фейерверктер жарылган болушу мүмкүн деген божомолдорун жазышты. Бирок бийлик бул маалыматты ырастаган жок.

Количество просмотров: 124