• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

«Ак шумкарлар» күйөрмандар менен жолугушуу үчүн аянтка келишти

24 Үчтүн айы 201917:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.01.2019. Govori.TV

Азия Кубогуна катышып татыктуу оюн көрсөтүп, плей-офф баскычына чейин жеткен футбол боюнча Кыргыз курама командасынын оюнчулары бүгүн борбордук аянтта күйөрмандары менен жолугушууда. Жолугушуу иш-чарасынын алкагында концерттик программа орун алууда.

Концерттик программа учурунда Кыргыз курамасынын өлкөгө кайтып келген курамы сахнага чыкты. Күйөрмандар дүркүрөгөн кол чабуулар жана кыйкырык-сүрөөн менен тосуп алышты. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сөз алып, куттуктоо сөзүн сүйлөп фудболчуларга өкмөттүн атайы белеги 2млн сомдук сертификат тапшырды. Өкмөт башчы стадион боюнча чечим кабыл алынаарын кошумчалады.

Салтанатта спортсмендер сөз сүйлөп күйөрмандарына ыраазычылык сөздөрүн айтышты, алардын арасында, кураманын БАЭ менен болгон оюнунда катуу күйөрмандык кылган социалдык тармактын кичинекей жылдызы Амирхан да бар.

Жолугушуу кыргыз эстрада жылдыздарынын коштоосунда өттү.

Количество просмотров: 14