• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

“Ак шумкарлар” Тайбэй командасын жеңди

26 Жалган куран 2024 22:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-мартта 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында Бишкек шаарында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Кытайдын Тайбэй командасы менен беттешип, 5:1 эсебинде утушка жетти.

Оюндун учурда биринчи бөлүгү Кыргызстандын пайдасына 3:0 эсеби менен аяктады, 2-бөлүктө атаандаштар 1 топ ал эми Ак шумкарлар дагы 2 топ киргизип алышты.

Эскерте кетсек, кыргыз курамасы биринчи беттешинде жеңилип, кийинки үч оюнда жеңишке жетип, Кытайдын Тайбейи, Малайзия жана Оман курамалары да кирген D тайпасында экинчи орунда турат. Эң мыкты эки команда Дүйнө чемпиондугуна тандоонун кийинки баскычына чыгат.

Количество просмотров: 90