• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ак-Суу районунда сел жүрдү (видео)

14 Теке 20229:20 Бишкек Govori.TV

Ак-Суу районунун Бурма-Суу айылында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен чогулган сел каналдарга батпай, турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорду каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сел суулары 13-июль күнү каптаган.

Жерине Ак-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 2 офицер, Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, атайын шаймандар менен сууларды сордуруп тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Количество просмотров: 335