• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Ак-Суу дарыясын булгаган жарандарга айып салынды

4 Кулжа 202615:42 Бишкек Govori.TV

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат тарабынан жүргүзүлгөн көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө Москва районунун аймагында жайгашкан Ак-Суу дарыясында мыйзам бузуу фактылары аныкталган.

Тактап айтканда, экскаватор жана оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары дарыя суусунун булганышына жол берген. Мындай аракеттер айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизип, суу объектилерин коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын бузууга алып келет.

Аталган мыйзам бузуу фактылары боюнча тиешелүү административдик чаралар көрүлүп, транспорт каражаттарынын айдоочуларына 11 миң сомдон айып пул салынды.

Количество просмотров: 26