• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Көк — Мойнок айылын сел каптады

27 Баш оона 2023 17:45 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк — Мойнок айылын сел каптап, куткаруучулар жеринде иштеп жатат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айылынан өткөн Чу дарыясынын деңгээли алдын ала маалыматка ылайык кыска мөөнөттө жааган жамгырдын кесепетинен көтөрүлүп, жанында жайгашкан үйлөрдү каптоо коркунучу жаралгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 9 куткаруучу,  Көк-Мойнок айыл аймактан 1 экскаватор тартылган.

Буга кошумча КР ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан Р. Абдульманов жетектеген ыкчам топ, Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 15 куткаруучу, Балыкчы шаардык Тазалык ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган.

Жеринде тазалоо иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 139